Сокулукта унаа айдап качууга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды

Сокулук районунда автоунаа айдап качууга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бир жыл мурун Сокулук районунун ички иштер органдарына 33 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анын Хонда-Фит үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы автоунааны айдай качууга шектүү жарандардын аты-жөнү такталып, алардын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, материал соттун карросуна жөнөтүлүп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү экинчи жаран ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн ага карата өзүнчө иш бөлүнүп, өндүрүшкө алынган.

24-март күнү жогорудагы кылмышка шектелип, изделип жаткан жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.