Сокулукта вагондон өрт чыгып, 51 жаштагы эркек киши каза болду

Кечээ, 6-март күнү Сокулук районунун Западное айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт чыккан жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылып, жалын толугу менен саат 01:10до өчүрүлдү. Анда жалпы аянты 24 чарчы метр болгон толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз дене ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.