Сокулукта үй өрттөнүп, апасы 4 жаштагы кызы менен ооруканага жеткирилди

Сокулук районунун Новопавловка айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, үйдүн чатыры, 2 бөлмө, үй-тиричилик буюмдары толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2018-жылы туулган кыз жана анын апасы ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталып жатат.