Сокулукта зордукталган кыздын атасы: “Мыкаачылык менен сабалып, зордукталган кызым ооруканада жатат”

5-декабрь күнү эртең менен 16 жаштагы кызды белгисиз бирөө Бишкек шаарына чейин ала кетүүнү убада кылып, унаасына салып, жарым жолдон күч колдонуп, зордуктаганы тууралуу маалымат тараган эле. Бул кылмышка шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул окуядан улам аталган айылдын тургундары кечээ, 7-декабрда аксакалдар сотуна чогулушкан. Алар шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылып, бул үчүн 3 күн убакыт беришти. Болбосо, өз алдынча жазалайбыз деп коркутушту.

16 жаштагы жабырлануучу кыздын атасы кызынын абалы тууралуу: «Кызым ооруканада, дары-дармек алып, томографияга тарттырдык, азыр апасы жанында карап жатат. Мыкаачылык менен сабалып, зордукталган кызымдын тиши жана колу сынган», — деп айтып берди. Толугу менен видеодон көрүңүз.