Сокулуктагы 40 жаштагы аялдын сырдуу өлүмү. Жансыз денеси 2 метр тереңдиктеги люктан табылды

Дайынсыз болуп жаткан аял киши колдуу болгон. Шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Сокулук РИИБге 1982-жылы туулган аял кишинин жакындары кайрылып, анын дайынсыз болуп жатканын айтышып, жардам сурашкан. Ал 17-сентябрда саат 14:00 чамасында Новопавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Жакындары анын эч кимге айтпай, бир жерге кетип калганынан күмөн санашкан. Аталган факты катталып, адам уурдоо боюнча кылмыш иши козголгон. Териштирүү иштеринде дайынсыз болуп жаткан аялдын батирин ижарага алган жаран шек жараткан. Анын аялдын үйүндө оңдоо иштерин жасап берип жатканы аныкталган. Ошондой эле ал мурда да киши өлтүрүп, мунапыска туш болуп 3 жыл мурда абактан чыкканы маалым болгон.

2012-жылдын 1-декабрында 26 жаштагы Сары-Талаа айылынын тургун өлтүрүлгөн. Ал соцтармактан жигит менен таанышып, жолугушууга барган. Кийин кыздын жансыз денеси көчөдөн табылган. Шектүү катары Казакстандын жараны кармалган. 26 жаштагы кыздын сатап деп жүргөн унаасы болгон. Кыздын өлтүрүлүшүнө дал ошол унаа себеп болгон. Жаран кызды өлтүрүп, унаасын документи жок сатып салган. Муну шектүү мойнуна алган.

Милиция тарабынан дал ошол жаран дагы киши өлтүрүүгө шектелип, Ош облусунун аймагынан кармалды. Ал 40 жаштагы аялды өлтүргөнүн мойнуна алган жана кылмыш болгон жерди көрсөтүп берген. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал жеринде көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү тактоо катары жарандын сөөгүн көрсөткөн. Кылмышты жашыруу максатында сөөктү эки метр терендиктеги люкка ыргыткан. Кылмышка шектүү аялды өлтүрүүгө курулуш кызматын көрсөтүүдө түшүнбөстүктүн негизинде уруша кетип, анын инсандыгын кемсинткен сөздөрдү айтканы менен түшүндүргөн. Кармалып камакка алынды.