Сокулуктагы «Аю» дене тарбия комплекси мамлекетке өттү

Сокулук районундагы «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мурда «Аю» холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган жалпы аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы 267 миллион 639 миң сом болгон «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган. «Аю» холдингдин уюштуруучулары жүргүзгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.