Сокулуктагы «Эдельвейс» балдар эс алуу лагери мамлекетке өттү

Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар «Эдельвейс» балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Маалым болгондой, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, мында объекттин баалоо наркы 320 миллион 651 миң сомду түздү.