Сокулуктагы жол тосуу боюнча блогер Эртай Искаков менен чогуу 2 адам кармалды

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«14-июль күнү саат 20:30 убакытта Сокулук районуна караштуу Селекция айылында, түштүк магистраль унаа өтүүчү жолду топ адамдар тосуп алып, унаалар өтө албай калгандыгы жөнүндө Сокулук РИИБге маалымат түшкөн. Сокулук РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, жүздөн ашык жаран жолду тосуп унааларды өткөрбөй жатканы такталып, ал жарандар Селекционное айылынын тургундары экендиги жана таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосуп алгандары аныкталган.

Жолду тоскон жарандар менен ИИМдин жетекчилиги, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок ал жарандар милиция кызматкерлери тарапка таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.   Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен унаа өтүүчү жол 15-июлда түнкү саат 02:00 чамасында ачылып, чогулган эл тараган.

Аталган окуя Сокулук РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө кийинки жагдай такталган.

Селекционное айылынын Сары-Өзөн аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн Ватсапп группасы аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен. Ал Ватсапп граппага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер Эртай Искаков кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп жолду жабуу керектигин айткан жана ал өзү өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды.

Текшерүү учурунда Селекция айылындагы унаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган.  Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан аталган окуяда 279-беренеси (жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренесинде (бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып, 15-июль күнү кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1980-жылы туулган Искаков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  Ал эми 280-беренесинде (бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1974 жана 1972-жылы туулган жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат»,— деп айтылат маалыматта.