Сокулуктагы каналга чөгүп кеткен 62 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Сокулук районунунЖыламыш айылындагы каналга 1959-жылы туулган аял чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларынын натыйжасында маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.