Сокулуктагы көлмөдөн 33 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Сокулук районундагы Ала-Тоо-3 конушундагы көлмөгө 1989-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:55те эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.