Сокулуктагы мечитке 11 барактан турган баракчаларды таштап кеткен жаран кармалды

Ушул жылдын 18-февралында бир киши Сокулук районунда жайгашкан мечиттин кызматкерине мазмуну экстремисттик уюмдун материалдарына окшош 11 барактан турган баракчаларды калтырган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, жогорудагы баракчалар чынында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун идеологиясын үгүттөгөнү аныкталган. Чүй ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү кызматкерлери жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери 1980-жылы туулган Бишкек шаарынын тургунун аныктап, анын жашаган жери уруксаттуу түрдө тинтүүгө алынган, анын натыйжасында анын колдонуп жүргөн уюлдук телефон алынган. Аталган жаран Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.