Сокулуктагы мейманканада «кызмат» көрсөткөн кыздар кармалды (видео)

Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Сокулук РИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 18-февралда Сокулук районунда жайгашкан «Аполлон» мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 1983 жана 1987-жылы туулган аял кишилер кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8000 сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды. Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган администратору кармалды. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.