Сокулуктагы тойкананын жанындагы жол кырсыгы. Мушташып жаткандарды унаа сүзүп кеткен

16-октябрь күнү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө «Ала-Арча» ресторанынын жанында жол кырсыгы болду деген маалымат келип түшкөн. Аталган факты Сокулук РИИБне катталып, тергөө иштери башталган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Жыйынтыгында тойкананын жанындагы көчөдөн балдар мушташып, кубалашып баратканда, 2001-жылы туулган К.М. аттуу жаран өзүнүн унаасы менен өтүп баратып сүзүп кеткен. Ал эми мушташка шектүүлөр 1996-жылы туулган Б.К. жана 1999-жылы туулган И.Б. аттуу жарандар алган жаракатынан улам, Сокулук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты боюнча бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ошондой эле, жогорудагы мушташ боюнча 1996-жылы туулган Ч.Д. атуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1999-жылы туулган И.Б. оорукананда кайтарууга алынды. Бул ишке шектүү делген үчүнчү жаранга издөө салынып, азыркы учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.