Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынган абалда табылды

Бүгүн, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүүлөргө чаралар көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”, — дешти.