Сокулуктук «принц» 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Сокулуктук «принц» 27-июлда Сокулук райондук сотунун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон билдиришти. 

Маалыматка караганда, ал 26-сентябрга чейин камакта болот.

Буга чейин cоциалдык тармакта өзүн «принц» деп атоону талап кылган жигитти сабап жаткан видео тараган. Видеодон аны сабап, ага бутун өптүрүп жаткан 2 кишини көрүүгө болот. Чүй ОИИБден маалымат беришип, видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. «Бул окуя Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,- дешти. Чүй милициясы тергөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы башка окуяларга тиешеси бар экени аныкталып, учурда кылмыштын курамы Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинен, уруп-сабоо кыйноо беренесине которулганын билдиришкен.