«Сол көзү көрбөй калган». Чүйдө жаран эч себепсиз токмоктолгонун билдирди

Чүй районунда денеге оор келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Чүй РИИБге 1993-жылы туулган жаран арызы менен кайрылган, ал арызында ноябрь айында Мээнеткеч айылында эч себепсиз аны уруп-сабап, ошонун кесепетинен анын сол көзү көрбөй калганын жана денесине оор залал келтирилгендигин билдирген. Аталган факты Чүй РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (денесине оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

3-декабрда кылмышка шектелип 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.