Соңку апта ичинде мас абалында 319 айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 6-майдан тартып, 12-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 023 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
— Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 313;
— Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 319;
— Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 74;
— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 780;
— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 418;
— Авто ээнбаштык — 8;
— Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 457;
— Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;
— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 653;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 683 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.