Соңку бир аптада 23 миңдей жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 12-июндан тартып, 16-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча 22 825 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
— Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347;
— Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 278;
— Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 70;
— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 938;
— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4071;
— Авто ээнбаштык — 3;
— Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4689;
— Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 427;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1537 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.