Сөөгү үйүндөгү сандыктан табылган келиндин өлүмү. Кылмышка шектүү күйөөсү 14 жылга кесилди

Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жарандык никеде жашап жүргөн келиндин өлүмүнө шектүү күйөөсү 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан тастыкташты.

2022-жылдын 14-декабрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип, Өзгөн районунун аймагында кармалган.

Алдын ала териштирүү учурунда төмөндөгү жагдайлар белгилүү болгон:

1-декабрь күнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун тургунунун жансыз денеси өзү жашап жаткан үйүнөн табылгандыгы тууралуу айтылган. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы келиндин жансыз денеси жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктан табылган.

Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашашкан.