Кечээ, 4-апрелде Ысык-Көл ОИИБ маалымат таратып, Жети-Өгүздө аял өлтүрүлгөнүн билдиришкен.
«Милицияга Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды таштоочу жайларынын жанында 35-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө маалымдалган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адамды аныкташкан. Ал 1987-жылы туулган Т.К. атту жаран болуп чыкты жана сырткы кароо жүргүзгөн учурда, денесинен криминалдык тактар аныкталган. Экспертизанын кортундусу боюнча жабыркаган адам киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аталган факты боюнча «адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталган. Ал ошол эле айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.Б. болуп чыгып, тергөө кызматына алып келинди. Шектүүнүн айтымында, каза болгон аял менен чогуу жашап келишкен. Ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктин аркасынан маркумдун башына балка менен уруп, мойнун толгоп жанын кыйганын маалымдаган. Ошондой эле, жансыз денени ашкана бөлмөсүндө тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайындагы бактын жанына таштап кеткен. Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камака алуу баш коргооо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда», — дешкен.
Бүгүн, 5-апрелде Ысык-Көл ОИИБ тактоо киргизип, каза болгон аял шектүү менен чогуу жашабаганын, жөн гана айылдашы болгонун билдиришти.