Сөөгүн үйдө 9 күн кармап… Жети-Өгүздө таштандынын жанында аялдын жансыз денеси табылды

Милиция билдирүү келип түшүп, анда Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды таштоочу жайларынын жанында 35-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө маалымдалган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адамды аныкташкан. Ал 1987-жылы туулган Т.К. атту жаран болуп чыкты жана сырткы кароо жүргүзгөн учурда, денесинен криминалдык тактар аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча жабыркаган адам киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аталган факты «адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталган. Ал ошол эле айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.Б. болуп чыгып, тергөө кызматына алып келинди. Шектүүнүн айтымында, каза болгон аял менен чогуу жашап келишкен. Ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктин аркасынан маркумдун башына балка менен уруп, мойнун толгоп жанын кыйган жөнүндө маалымдаган. Ошондой эле, жансыз денени ашкана бөлмөсүндө тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайындагы бактын жанына таштап кеткен. Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камака алуу баш коргооо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда.