Сөөк ашуусунда чек арачы жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 23-июнда жол кырсыгынан Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коюлган тапшырманы аткарууда үч аскер кызматкери оор жүк ташуучу автоунаасында жүк алып бара жатышкан. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда болгон. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай, автоунаа капталына оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында автоунаанын айдоочусу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер кызматкери ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

“Орун алган окуя боюнча тиешелүү органдарга кабар берилип, жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталды. Жол кырсыгы орун алган жерде тергөө тобу иш алып барып, себептерин жана жагдайларын тактап жатат”, — дейт басма сөз кызматы.