Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна чакырылды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотуна суракка чакырылды. Бул тууралуу Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, экс-президент сотто күбө катары суралат. Ал «Оптима Банктын» ячейкасындагы 1 миллион доллардын чоо-жайын түшүдүрүп бериши керек.

«Зилалиевди кармашканда интернетте «Оптима Банктын» ячейкасында 1 миллион доллар табылган видео тараган. Зилалиевди 2017-жылы 8-декабрда ячейкадагы акчалар боюнча камакка алышкан. Бирок видео жай мезгилинде тартылган. Тергөө учурунда Зилалиев УКМКда көрсөтмө берип, ячейкадагы акча Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясына жумшалмак экенин билдирген. Акчаны Жээнбеков Зилалиевге өзү берген, бул тууралуу Сапар Исаков айтып бере алат. Бирок Исаковду да, Жээнбековду да сурашкан эмес», — деди Токтакунова.

Ал сотко Сооронбай Жээнбековду чакыруу өтүнүчү менен кайрылган, сот анын өтүнүчүн канааттандырды.