Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Мелис Аспековду жалган жалаа үчүн сотко берүүнү көздөп жатат

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров активист Мелис Аспековдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча чуулгандуу билдирүүсүнө комментарий берди.

«Алдамчылыкка шектелген Мелис Аспеков социалдык тармактар ​​аркылуу Жээнбековдор Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын каржылаган деген билдирүү таратты. Ар бир акыл-эси жайында, Аспековдун чуулгандуу өмүр баяны менен таанышып чыккан адам бул жаманатты кылган аракет экендигин түшүнөт жана жакын арада соту болчу адам, өзүнө көңүл бурдурууну каалап жатат​​. Аспековдун бул билдирүүсү ачыктан ачык калп, биз аны жалган жалаа жапканы үчүн сотко берүүнү көздөп жатабыз», — деди Асылбек Кочкоров.

Буга чейин абакта жаткан Мелис Аспековдун билдирүүсү деп социалдык тармактарда кол жазмалар жарыяланган эле. Ал кол жазмаларда «мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду азыркы бийлик камай албайт. Анткени андан 10 миллион доллар пара алган» деген маалымат камтылган.