Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев кармалды. Ал алдамчылыкка шектелип жатат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКга ишкер арыз менен кайрылып, ал 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян тартканын айткан. Кылмышка шектелип, мурдагы депутат кармалган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон. Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде А.А. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды»,- деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалым болгондой, кеп мурдагы депутат Алиярбек Абжалиев жөнүндө болуп жатат.