Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
«Негизи эмне экендигинен маалыматым жок экен. Кызыксаңыздар, жазуу жүзүндө беребиз», — деди ал.
1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкенин билдирген. 26-июнда анын УКМК эсебине 20 миллион сом төккөнүн маалымдаган.