Сот Адахан Мадумаровду эмнеге сот залынан чыгарып жиберди? Жактоочунун жообу

Кечээ, 13-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Соттук отурумда депутатты сот залынан чыгарып жиберишкен. Анын жактоочусу Кубанычбек Туманов анын сот залынан чыгарылганы тууралуу суроолорго жооп берди.

«Адахан Мадумаров күбөлөрдү сурап жатканда сот тарабынан ага 3 жолу эскертүү берилди. Судья менен «акыйкат каралсын» деп айтышып кеткенден кийин 3 жолу эскертүү берип, чыгарып салды. Сот ал жок эле каралды. Калган отурумдарда катышат», — деди жактоочу.