«Сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү». Актёр Чыңгыз Мамаев президентке кат жолдоду

«Сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү». Актёр Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго кат жолдоду.

«Менин сиздерге кайрылуу кат жазып жатканымдын себеби, ушул жылдын 29-мартында чет элдик жаранды зордуктады деген жалган жалаа, күнөөсүз айып менен камакка алынгам. Ошондон бери туптуура тогуз айдын жүзү болду. Мага коюлган айып жалган жалаа болгондуктан, сот менден эч кандай айып таба албагандыктан, ишти кайрадан башынан баштап тергөөгө карап чыгуу чечимин чыгарды.

Менин күнөөм болуп, кылмыш жасасам, ушул убакка чейин кесилип кетмек элем. Бирок эч кандай күнөө же кылмыш таба албай кайра башка сотко, башка тергөөчүгө жөнөтүп, ушул убакытка чейин мени мыйзамсыз камап отурганына мен түшүнбөй жатам. Мындай түшүнүксүз мамиле менин жанымды кыйнап бүттү. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен ушул убакытка чейин сот адилеттүү болот деп ишенип элиме, сизге кайрылбай турайын деп ойлогом, бирок сабырым түгөндү.

Мен ушул убакка чейин бир дагы жолу мыйзам бузган эмесмин. Учурда менин саламаттыгым дагы начарлап, ооруп жаткан кезим. Бул жалган жалаа үй-бүлөмдүн аброюна да кесепетин тийгизип, келинчегим микроинсульт алды. Кызым жүрөк оорусуна кабылды.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Кайрылуу катымдын аягында менин сот иштерим аягына чыкканча өз көзөмөлүңүзгө алып, мени үй камагына чыгыртууңузду, же сот иштерин тездетип, аягына чыгартып берүүңүздү өтүнөт элем», — деп жазылат Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаевдин катында.