Сот «Айчүрөк» соода борборундагы жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат берген келинге өкүм чыгарды

29-октябрда Сверлов райондук соту «Айчүрөк» соода борборундагы жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат берген келинге өкүм чыгарды. Сот аял кишини Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айыпка жыкты.

9-августта укук коргоо органдарына «Айчүрөк» соода борборуна коюлган бомба тууралуу билдирүү түшкөн. Имарат курчоого алынган, ал жактагы жарандар жана сатуучулар эвакуацияланган. Бир нече сааттык издөө иштеринен кийин жардыруучу зат табылган эмес. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «Террористтик акт жөнүндө  жалган билдирүү» беренеси боюнча каттоого алынган. Кийин кылмышка шектелип, Чүй облусунун Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Эки айдан кийин анын үй камагына чыкканы маалым болгон