Сот Атамбаевге дарыланууга уруксат берүү чечимин чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов залга алып келинди. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди сотко алып келишкен жок. Адвокат Замир Жоошев экс-президентти Улуттук кардиология борборуна текшерүүдөн өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан судья Убайдулла Сатимкулов жактоочунун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды. Токтомдо Алмазбек Атамбаевдин Улуттук кардиология борборунда медициналык текшерүүдөн өтө алары жазылган.