Май айынын аягында Ошто күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген деген жүйө менен кармалган блогер Бауржан Абдумаликовго сот чечими чыкты.
19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды. Сот залынан бошотулуп, эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыкты.