Сот Болот Темировду эки берене боюнча актап, документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 28-сентябрда журналист Болот Темировдун иши боюнча чечим чыгарды. Өкүмдү судья Акылбек Адимов окуп, соттук отурум анын төрагалыгы алдында өттү.

Судья Алимов Темировду Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу актады:

— Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо);

— Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү).

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (документтерди жасалмалоо) ылайык, күнөөлүү деп табылып, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонулган жок.