Сот департаментинин алименттер боюнча бөлүмүнүн башчысы кармалды

УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 4 миллион 667 миң 672 сом өлчөмүндөгү акча каражатын «Мыйзамсыз ыйгарып алуу” фактысы боюнча (Кылмыш – жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү) козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин алименттер боюнча бөлүмүнүн башчысы (Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин соттук аткаруучулар кызматтык түзүмдөрүн көзөмөлдөө башкармалыгынын мурдагы башчысы) Ж.М.О. жана Биринчи Май районунун сот аткаруучусу М.К.М. кармалды.

Тактап айтканда, 2016-жылы Кыргыз жараны Н.С. үйүн күрөөгө коюу менен “Кыргызстан” коммерциялык банкынан 150 миң доллар өлчөмүндө насыя алган. Кийин аталган кредитти өз убагында төлөй албай калгандыктан, 2022-жылы Н.С.нын үйү банк өкүлдөрү тарабынан аукционго коюлган. Үйдү сатуудан кийинки айырма банктын өкүлдөрү тарабынан кредиттик карызды төлөгөндөн кийин сот аткаруучулар кызматынын Биринчи Май бөлүмүнүн депозиттик эсебине чегерилип, анда кызматкерлер Н.С.га акча каражаттарын которууга тийиш болгон. Бирок Ж.М.О. жана М.К.М. ич ара сүйлөшүп алып, Н.С.нын атынан ишеним катты жасалмалоо аркылуу каражаттарды толугу менен ыйгарып алышкан.

Учурда кармалган жарандар андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.