Сот жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго өкүм чыгарды

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды. Өндүрүш Токтонасыров соттун бул чечимине макул эмес экенин жана ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон.