Шайлоо-2021. Сот Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарга аймактарга чыгууга уруксат берди

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттук отурум уланууда.

Жыйындын жүрүшүндө айыпталуучу Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жатканы белгилүү болду. Анын жактоочусу Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан тышкары чыгууга уруксат берүү боюнча арызды кароону суранды. Судья Азирет Медеров жактоочунун өтүнүчү канааттандырылган деп жооп берди. Сот УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаевге, ошондой эле анын өкүлү Кундуз Жолдубаевага да борбордон сыртка чыгууга уруксат бергени белгилүү болду.