Сот Мадумаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнүчү четке кагылды. Бул тууралуу адвокат Ольга Жукова билдирди.

18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Мадумаровдун иши боюнча алгачкы соттук отурум өтүүдө.