Сот мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевди камакта калтырылды

Бүгүн, 11-февралда УКМК маалымат таратып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди. Ал эми Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунан анын бөгөт чарасы каралганын билдиришти.

Маалыматка караганда, мурдагы депутат 9-апрелге чейин камакта болот. «Биринчи Май райондук сотунун 11-февралындагы токтомуна ылайык, Алиярбек Абжалиевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 9-апрель күнүнө чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди», — деп айтылат маалыматта.