Сот мурдагы президенттин үйү качан конфискацияланганын түшүндүрдү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо 2020-жылдын 14-августунда күчүнө кирген сот актысынын негизинде жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин Кой-Таш айылындагы үйдү конфискациялоо чечими Садыр Жапаров өлкө президенти болуп турганда кабыл алынган деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Мындай чечим Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп турганда кабыл алынган.

«Конституцияга ылайык, судьялар көз карандысыз жана мыйзамдарга гана ийет. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен Алмазбек Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ага карата мүлкүн конфискациялоо кийин мамлекеттин менчигине өтүү менен колдонулган. Конфискациялануучу мүлктөрдүн арасында Кой-Таш айылындагы турак-жай да бар. Бул өкүм Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 14-августундагы чечими менен күчүндө калтырылды», — деп айтылат соттун маалыматында.