Сот өкүм чыгарды. Экс-депутат Талантбек Узакбаевге 300 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевге карата өкүм чыгарды. Анда сот Узакбаевге жаза чарасы катары 300 миң сомдук айып пул салды.

«Биринчи Май райондук сотунун 29 -июлдагы өкүмү менен Талантбек Узакбаев Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды»,- деп айтылат маалыматта. 

Узакбаев 31-майда УКМК тарабынан «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип кармалган. 2-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 31-июлга чейин камакка алынган. Ал эми 17-июнда анын үй камагына чыкканы маалым болгон.