Сот Райымбек Матраимовду камакта калтырды

Кечээ, 22-апрелде Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралды. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, ал 26-июнга чейин камакта калтырылды.

25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду кармаган. Учурда Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.