Сот залында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, Тез жардам чакыртылды

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинген экс-президент Алмазбек Атамбаев абалы начарлап, ага Тез жардам чакыртылды. Соттук отурум өтүп жаткан залдан баарын чыгарышып, учурда ага жубайы Раиса Атамбаеваны киргизбей жатышат.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген. Уулу Кадырбек Атамбаев «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген» деп соцтармактагы баракчасына жарыялаган. Кийин улуу баласы Сеид Атамбаев атасынын өмүрүнө коркунуч бар экенин Жогорку Кеңештин жыйынынан билдирген.