Соттун чечимине баш ийбеген Араван районунун тургуну кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөгө алынган Араван районунун тургунун кармашты. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Кармалган 1997-жылы туулган жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Буга чейин ал ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, жаранга карата 210 миң сом айып пул салынган. Ушул күнгө чейин ал айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот бөгөт чарасын 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.