«Союп кетем деп коркутат». Бишкекте келин жолдошу тарабынан сабалганын айтып, балдары үчүн кооптонуп жатканын билдирди

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 36 жаштагы кош бойлуу келин кайрылып, жолдошу тарабынан сабалганын, кесепетинен боюнан түшүү коркунучу менен төрөтканада жатканын айтып кайрылган.

«Системалуу түрдө сабалып келдим. Ушул жылдын башында ооруканага түшкөм. 3-мартта урган. Көз айнегим сынып кетип, ал бетимди тытып кеткен. 7 айлык боюмда бар, акыркы жолу сабаганда төрөтканага түшүп калдым. Буга чейин милицияга кайрылгам, 2 жолу ордер берген. Мени жолдошум психологиялык жактан басынтат. Ортончу баламды жакшы көрөт. «Ушул баланы алып кетсең, барып, союп кетем» дейт. Ошондон коркуп жашайм. Буга чейин муздайм деп да коркутуп келген. Бул кылыгын туугандарга айтчу эмесмин. Агаларым эмне кылып салат деп коркот элем. Экөөбүз 9 жылдан бери чогуу жашайбыз. Бир жылда 3-4 жолу сабайт. Тиштери да денеме кирип, тактары калган. Мунусунда балдарды сабап киргенинен болушам деп таяк жедим. Ортодо 3 балабыз бар. УКМКда мурда иштеп кеткен тууганы бар, ошол үчүн милиция кармабай жатат. Азыр балдарым агамда, ошолор үчүн коркуп жатам», — деди келин.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБге кайрылганыбызда төмөнкүдөй маалымат беришти. «9-декабрда саат 12:52 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги үй-бүлөлөрдүн биринде зомбулук фактысы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октбярь РИИБдин кызматкерлери барышкан. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. Токмоктолгон келин курсагы ооруп жатканын айтып, Тез жардам чакыртылган. Ал эми жарандык никедеги жолдошу милиция баргыча качып кеткен. Учурда шектүү изделип жатат», — дешти.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Октябрь РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.