«Спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен». Ысык-Көлдө 41 жаштагы жаран киши колдуу болду

Ысык-Көлдө киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-сентябрь күнү саат 19:30 чамасында Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Түп райондук ооруканасынан Түп айылындагы үйлөрдүн биринде жаран киши колдуу болгонун билдирген. Бул факты боюнча Түп РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, маркумдун 41 жашта экендигин, үйдүн ээси экендигин аныкташкан. Жансыз денени кароо учурунда анын бети баштары, колдору жана кийимдери кан экендиги, мындан тышкары криминалдык тактар бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Түп айылынын 48 жаштагы тургуну кармалып, кылган кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алып, окуя боюнча каза болгон жаран экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетип, ал аны катуу сабап, тепкилеп кетип калгандыгын билдирген. Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Азыркы учурда соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.