Стамбулда кыргыз кызы мейманканада бети жана моюну кескиленген абалда табылган

Түркиянын Стамбул шаарында 28 жаштагы кыргыз кызы мейманканада бети жана моюну кескиленген абалда табылган. Аны номерге 40 жаштагы эркек киши коштоп кирген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Сурак учурунда эркек киши кыздын өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирген. «Ал мени көзүмө чөп салып жүрөсүң деп айыптады. Чыр ушундан улам чыкты. Кийин ал душка кирип, бөтөлкөнү сындырып, ошонун сыныгы менен өзүн кескилей баштады. Мен артынан дароо кирип, аны куткарууга аракет кылдым. Бирок ал менден качып, мени жек көрөрүн айтып кыйкырып жатты», — деген эркек киши.

Ал эми кыргыз кыз эркек киши берген көрсөтмөнү четке каккан. Анын айтымында, эркек киши менен үч айдан бери тааныш жана ал анын колун сурап жүргөн. Бирок кыз турмушка чыгууга макулдук бербегенин билдирген. «Ал менин паспортумду тартып алды. Ошол күнү дагы чыр чыгып, мени өлтүрүүгө аракет кылды», — деген кыргыз кыз.

Шектүүгө карата «Киши өлтүрүүгө атайылап кол салуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал адегенде кармалып, кийин эч жакка кетпөө тил каты жана кыргыз жаранына белгилүү бир аралыкка жакындоого тыюу салуу менен бошотулган.