«Стоматология, мал сарай, ишкана». Жалал-Абадда уурулукка шектелип 39 жаштагы киши кармалды

Жалал-Абад милициясы уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 28-майдан 7-июнга чейинки аралыкта ишкана, стоматология жана мал сарайлардан акчалай каражаттарын,  фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш техникаларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурушкандыгын белгилешкен.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы окуяларга шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1982-жылы туулган жаран кармалган. Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары уланып жатат.