“Строймаркет” соода борборундагы сабоо. Жабырлануучуну жаагын сындыра муштаган мушкер болгону айтылууда

Социалдык тармактарга тараган Жалал-Абад шаарындагы «Строймаркет» соода борборунун астында болгон окуя тууралуу Жалал-Абад ОИИБи маалымат таратты.

11-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызында ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Строймаркет” соода борборунда  бала эшик орнотуудагы баасы менен келише албай, оң муштуму менен бетине уруп жаагын сындырып койгондугун көрсөтүп, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Аталган факты боюнча 131-беренеге (Денеге залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө арызда көрсөтүлгөн Тилек Батыров аттуу жаран Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну, 1991-жылы туулгандыгы такталган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБинин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана учурда кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин «Строймаркет» соода борборунда жабыркаган жарандын жакындары аны эрежесиз эр урушка катышкан мушкер Тилек Батыровго абдан окшош болгон адам муштаганын айтышкан.