“Строймаркет” соода борборунда жабырлануучунун жаагын сындыра чапкан шектүү мушкер кармалды

“Строймаркет” соода борборундагы денеге залал келтирүү фактысы боюнча шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад “Строймаркет” соода борборунун жанында эшик койгуч мастердин денесине залал келтирип, жаагын сындыра чапканга шектелген жаран кармалды. Ал  96-97-беренелеринин негизинде камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин Тилек Батыров аттуу ММА (аралаш күрөш өнөрү) таймашынын чебери «Строймаркет» соода борборунда эшик орнотуудагы баасы менен келише албай, муштуму менен жабырлануучунун бетине уруп, жаагын сындырып койгондугу маалымдалган.