«Студент жана «Кытай» каймана аттуу жаран бар». Ошто адам уурдоого шектүүлөр кармалды

«Кытай» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери атайын операциялар отрядынын жардамы менен 3 жаранды кармашты. Кармалган жарандар акча өндүрүү максатында адам уурдап, жабырлануучуга моралдык-психологиялык басым жасап, денесине залал келтиришкен.

Кармалган жарандар Кара-Суу районунун тургундары. Алар: Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуган 2002-жылы туулган жаран, убактылуу иштебеген 1998-жылы туулган жаран жана 1984-жылы туулган киши. 1984-жылы туулган жаран акча өндүрүү үчүн адам уурдоону уюштурган делүүдө. Кылмыш чөйрөсүндө «Кытай» деген каймана ат менен белгилүү. Эч жерде иштебейт.

23-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагынан 1988-жылы туулган жергиликтүү тургунду ага таандык болгон Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасында коркутуп, жанындагы 10 миӊ сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Бирок ал акчага алымсынбастан ири суммадагы акча талап кылышкан. Жабырлануучунун акча берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөндүгүнөн үч шектүү аны күч менен унаасынын арткы отургучуна отургузушуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы бир үйгө алып барышып, бир бөлмөгө камашып, кайрадан бычак такашып, акча талап кылышкан. Акча талап кылуу түрдүү коркутуулар, ур-токмокко алуу менен коштолгон.

Жабырлануучунун денесиндеги жараттардын оордугун аныктоо максатында атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.