«Студент кызды бычактап өлтүрүп, үйүнүн жанына көмүп койгон». Кылмышка шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

"Турмуш" басылмасынан алынды

Ушул жылдын январь айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу болгон.

Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анын 2000-жылы туулган кызы 30-январь күнү үйдөн окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. 8-февралда Ош облусунун Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну — ОшМУнун 4-курсунун студенти качып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. 

Кара-Суу райондук соту июль айында шектүүгө карата чечим чыгарып, ал 15 жылга эркинен ажыратылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан бүгүн, 30-сентябрда билдиргендей, Ош шаардык сотунда иш аппеляциялык арыздын негизинде кайра каралган. Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү Жазык кодексинин 112-беренеси (кош бойлуу аялды өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

«30-сентябрдагы Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун 28-июлдагы өкүмү өзгөртүлдү. Айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Белгилей кетсек, айыпталуучуга биринчи инстанция 15 жылга эркинен ажыратуу менен жаза белгилеген эле», — дешти.